Ханышамын
Pop
00:00 / 00:00
Lyrics
Бирөөго олуядай даанышманмын
Бирөөгө чечилбеген табышмакмын
Бирөөнүн окуп жаткан китебимин
Кимдер да мени сүйөт,бирок билбейт
Кимдир бирөө мени издеп жүрөт
Баары менмин ,миң өзгөрүп келе берген
Баары менмин ,миң кубулуп сүйө берген
Бирөөгө ,бүтпөс сүйүү ,арзуулармын
Бирөөгө дүйнөсү бош ,жакыр жанмын
Бирөө атырылган долу жанмын
Бирөөгө ыйга толгон ,жашык жанмын
Кимдер да мени сүйөт,бирок билбейт
Баары менмин,миң өзгөрүп келе берген
Баары менмин,миң кубулуп суйө берген
Бирөөгө миң кубулган алдамчымын
Бирөөгө кыйналганда жардамчымын
Бирөөгө сөзгө чебер жолоочумун
Бирөөгө орой мүнөз калп жылмайган
Кимдер да мени сүйөт,бирок билбейт
Баары менмин ,миң өзгөрүп келе берген
Баары менмин,миң кубулуп сүйө берген
Бирөөгө периштемин,аян айткан
Бирөөгө коркок жанмын жалтаңдаган
Бирөөгө баатыр жанмын ,төш көтөргөнн за
Бирөөгө маскарамын ,шылдыңдаган
Кимдер да мени сүйөт,бирок билбейт
Баары менмин ,миң кайталап келе берген
Баары менмин,миң кубулуп сүйө берген
Бирөөгө зарлап күткөн асыл жанмын
Бирөөгө уламышмын ,эстей берген
Бирөөгө бир караанмын ,көрмөксөн болуп жүргөн
Бирөөгө апендимин ,билбеген сөздүн наркын
Кимдер да мени сүйөт,бирок билбейт
Баары менмин,миң өзгөрүп келе берген
Баары менмин ,миң кубулуп сүйө берген
Бирөөгө чагылганмын ,жалмап кеткен
Бирөөгө эң ыңгайсыз ,энөө жанмын
Бирөөгө өтө элпек жакшы жанмын
Бирөөгө чоочун жанмын ,түшүнүксүз
Кимдер да мени сүйөт,бирок билбейт
Баары менмин,миң өзгөрүп келе берген
Баары менмин ,миң кубулуп сүйө берген